super.kg logo

Нарында көз карандысыз журналистке кол салуу болду деген окуя боюнча териштирүү башталды

 
Нарында активист, журналистке кол салуу болду деген билдирүүлөр социалдык тармакка жарыяланып, видео тараган. Окуя боюнча облустук ички иштер башкармалыгынан түшүндүрмө берип, тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдашты.
Башкармалыктын маалыматында 24-июнь күнү кечинде милицияга билдирүү түшкөнү айтылат. Анда Нарын шаарындагы эс алуучу жайлардын биринен өзүн журналист катары тааныштырган жаран бейтааныш адамдарды видеого тарткан. Видеого түшүп жатканын байкаган адамдар "эмне себептен тартып жатасың, уюлдук телефонуңду ал" деп талап кылышкан.
"Ыкчам тергөө тобу окуянын катышуучуларын милиция бөлүмүнө алып келип териштирүү жүргүзүлгөн. Өзүн көз карандысыз журналист катары тааныштырган Э. аттуу жаранга эч кандай кол көтөрүү болбогондугу аныкталган. Ошол эле учурда анын ден соолугуна канчалык деңгээлде зыян келтирилгендигин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындаларда журналист баш тартып, уюлдук телефону да эч нерсе болбогонун билдирген.
Бул окуя боюнча бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда", - дешет мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: