super.kg logo

Кыргызстандык окуучу математика боюнча олимпиадада 1-орунду алды

 

Казакстанда өткөн математика боюнча олимпиадада кыргызстандык окуучу 1-орунду алды. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Алматы шаарында Шалтай Смагулов атындагы Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу этабы болуп өттү.

Финалдык этапка катышуу үчүн Кыргызстандан 5 катышуучу чакырылган. Кыргызстандык команданын курамында:

1. Фёдор Корнияш, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин 7-классынын окуучусу;

2. Мерида Даниярова, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектебинин 6-классынын окуучусу;

3. Амантур Токтоназаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

4. Саян Сарыкбаев, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

5. Бектур Айдаров, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясынын 6-классынын окуучусу;

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Фёдор Корнияш биринчи орунга ээ болду. Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: