super.kg logo

Санкт-Петербургда эмгектенип жүргөн Алмазбек Мырсабеков 4 айдан бери дайынсыз. Жакындары коомчулуктан жардам сурайт

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эмгектенип жүргөн Алмазбек Мырсабеков жакындары тарабынан изделет. Ал ушул жылдын март айынан бери дайынсыз болуп жатканын кызы Айгерим Алмазбек кызы порталыбызга кабарлады.

Айтымында, атасы Орусияда 4 жылдан бери эмгектенип жүргөн.

"Атам Алмазбек Мырсабеков 1970-жылы туулган. 4 жылдан бери Орусияда, акыркы 10 айда Санкт-Петербургда иштеп жүргөн. Экөөбүз акыркы жолу февраль айынын аягында сүйлөшкөнбүз. Андан кийин атам бошобой сүйлөшө албай жүрдүк, кийин эле телефону өчүк болуп калды. Болгон тааныш-билиштерден сураштырдык, эч ким билбейт экен. Апам дагы Орусиянын башка аймагында иштеп жүргөн. Ал элчиликке, диаспорага да кайрылган бирок билдирүүлөрү көз жаздымда калып жатат.

Бир таанышыбыздын айтымында, ал атам менен 2021-жылы декабрь айында Санкт-Петербургдан көрүшүптүр. Дагы бирөө тааныштын айтымы боюнча, атам дайынсыз болордун алдында приступ алыптыр. Андан кийин эмне болгонун билбейт экен. Өз алдынча жасаган аракетибизден жыйынтык болбой, коомчулукка кайрылууну чечтик", - дейт ал.

Эгерде изделип жаткан Алмазбек Мырсабековду көргөн, билгендер болсо кабарлап коюуну жакындары өтүнөт. Байланыш номерлери: 0708 95 49 72, +79771766693.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: