super.kg logo

Бишкек мэриясы электробустарды сатып алуу боюнча кытайлык компания менен макулдашты

 

Кытайлык компания атайын келишимдин негизинде Бишкекке электробустарды жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу боюнча агенттик электробустарды чыгарган кытайлык "Амир-Групп" компаниясы менен жолугушуусу болуп өттү. Компания жолугушууда чогулткан электробустарынын сапатына кепилдик бергени маалымдалды. Ошондой эле алар эскирип, колдонуудан чыгып калган учурда кайрадан жасап чыгуу боюнча бардык чыгымдарды көтөрүүгө даяр экендигин билдирген.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу пайдалуу кызматташтыктын жана электробустарды Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашуулар талкууланганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: