super.kg logo

Колумбияда адам өмүрүн алган каргашалуу окуядан кийин "коррида" оюнуна тыюу салынды (видео)

 

Колумбиянын жаңы шайланган президенти Густаво Петро Эспиналь шаарындагы каргашалуу окуядан кийин өлкөдө "коррида" (бука менен адамдын кармашын чагылдырган оюн) сыяктуу көңүл ачуучу оюндарды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз буга окшогон кандуу окуяларга Синселехо шаарында да күбө болдук. Мен бардык муниципалитеттердин жетекчилеринен жаныбарлардын жана адамдардын өлүмү менен коштолгон мындай иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуусун суранам", - деп билдирген өлкө башчысы.

Эске салсак, жекшемби күнү Колумбиянын Эспиналь шаарында уюштурулган "коррида" оюнунда көрүүчүлөр отурган трибуна кулап 5 адам каза болгон. Кырсыктан ошондой эле 200дөн ашык адам оор жаракат алган. Аталган оюн ыйык Пётр майрамынын урматына уюштурулган.

Интернет желесине тараган видеолордон жыгачтан курулган трибунанын бир бөлүгү кулап, жүздөгөн адамдарды басып калганын көрүүгө болот. Учурда кырсыктын себептери такталып жатканы айтылды.

Иш-чарада букалардын бири аянттан чыгып кеткени жана шаар мэриясы тургундарды сак болууга чакырганы да маалымдалды.






Колумбияда коррида оюну учурундагы каргашалуу окуя

Колумбияда коррида оюну учурундагы каргашалуу окуя 2

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: