"Тазалык" ишканасы борбор калаага жаңы таштанды урналарын сатып алды




"Тазалык" муниципиалдык ишканасы Бишкек шаары үчүн чарбалык иш-аракеттерден түшкөн каражатка конус түрүндөгү жаңы таштанды таштоочу урналарды сатып алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ата-Мекендик өндүрүштү колдоо максатында жергиликтүү заводдордун биринен таштанды таштоочу 100 урна сатып алдык. Аларды иштен чыгайын деп калган эски урналардын ордуна коюу пландалууда. Ошондой эле айрым тилкелердеги эски урналарды да оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иши каралып жатат", - айтылат маалыматта.
Бишкек мэриясы урналарды узак мөөнөткө колдонуу үчүн шаар тургундарынан аларды ордунан жылдырбоого, ичине таштанды өрттөбөөгө жана курулуш каражаттарын таштабоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.