super.kg logo

Садыр Жапаров Солтон-Сары алтын кенине барды (фото)

 

Президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенине барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө жазылгандай, мамлекет башчысы инвестор өз убагында тиешелүү инфраструктураны куруп баштап, бирок 2019-жылы жергиликтүү тургундар тараптан нааразычылыктан соң бардык ишмердүүлүгүн токтоткон Бучук тилкесин карап чыкты.

Бул тилкедеги чалгындалган алтындын кору 12 тоннаны түзөт. Ошону менен бирге геологдордун божомолдору боюнча баалуу металлдын запасы дагы 22 тоннаны түзүшү мүмкүн. Садыр Жапаров бул ишкана боюнча акыркы чечим комплекстүү анализ жана кырдаалды ар тараптуу изилдөөдөн соң кабыл алынарын белгилеп, экология маселелерине өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Андан соң президент Солтон-Сары кен жайында 1994-жылдан тартып Алтын-Төр тилкесин иштетип келе жаткан «Солтон-Сары кени» ишканасына барды.

Мамлекет башчысына ишкананын негизги көрсөткүчтөрү, аткарылган тоо иштеринин көлөмү, бюджеттик төлөмдөрү, иштетилген инвестициялардын суммасы, инвестор-компания «Авелум Партнер» тарабынан пландалып жаткан кошумча салымдар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле алтын чыгаруучу фабриканын иши көрсөтүлдү.

Азыркы учурда «Солтон-Сары кени» филиалы жана «Авелум Партнер» ЖЧК достук келишимдин негизинде Алтын-Төр тилкесинде комплекстүү иштерди жүргүзүүдө. «Кыргыз алтын» ААК мамлекеттик компаниясын өнүктүрүү максатында Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга ага өлкөнүн аймактарынан кошумча кен жайларын иштетүү үчүн бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Ошондой эле мамлекет башчысы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, алар бир катар көйгөйлүү маселелери менен кайрылышты. Өлкө башчы жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: