Милиция кызматкери өрттөн эне менен кыздын өмүрүн сактап калды
Милиция кызматкери өрттөнүп жаткан батирден чыга албай калган эне менен кыздын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июнь күнү ИИМдин күзөт кызматынын биринчи май күзөт бөлүмүнүн батальонунун кызматкери Калыбек Асылбеков Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктөр башкармалыгы боюнча департаментинин имаратын кайтаруу учурунда, Чокморов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки жолу жарылуу болгонун уккан.
Көп кабаттуу үйдөгү батирде өрт чыгып жатканын көрүп, алгач подъездеги электр щитти өчүргөн. Андан соң өрт чыгып жаткан батирдин катуу жабылып калган эшигин ачууга аракет кылып жаткан учурда балдардын жардамга чакырган үндөрүн уккан.
Жергиликтүү тургундун жардамы менен эшикти ачып кирип, батирден 4-5 жаштардагы кызды алып чыккан. Ошондой эле кыздын апасын өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен.
Андан соң ӨКМнын кызматкерлери келгенче милиция кызматкери жанындагы тургун менен өрттүн негизги бөлүгүн өчүрүүгө үлгүрүшкөн.

