Венгриядагы ЖОЖдордо кыргыз студенттери үчүн орундар көбөйтүлөт
26-июнда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Венгриянын Улуттук жыйынынын вице-спикери Шандор Лежак менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.Билдирүүгө ылайык, жолугушууда тараптар билим берүү жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
"Анда ЖОЖдордо студенттер үчүн квотаны көбөйтүү, академиялык мобилдүүлүк, Кыргызстандын жана Венгриянын ЖОЖдорунун ректорлорунун иш сапарларын уюштуруу жана Кыргыз-Венгрия изилдөө фондун түзүү жөнүндө макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.
Министр Кыргызстан венгриялык студенттерди алмашуу программасынын алкагында мисалы, түркология, археология адистиктери боюнча кабыл алууга, Кыргызстандын ЖОЖдорунун биринде кыргыз-венгриялык институтту же кафедра ачууга даяр экендигин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















