super.kg logo

Быйыл Меккеге зыярат кылуу үчүн 260 миңден ашуун жаран барды

 

Сауд Арабиянын Медина шаарында учурда (25-июнга карата көрсөткүч) 95 миң 194 зыяратчы бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматта Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги 215 миңдей зыяратчы Мединадагы Принц Мохаммед бин Абдулазиз эл аралык аэропорту аркылуу, дагы 17 миңи чек ара бекеттери аркылуу барганы жазылат. Зыяратчылардын эң көбү Бангладештен 12 миң адам, андан кийин Нигерия, Индия, Индонезия жана Ирактан барган. Буга чейин 171 миңдей зыяратчы Мединадан чыгып, Меккеге багыт алышкан.
Быйыл Сауд Арабиясы 3 жылдан бери биринчи жолу чет элдик зыяратчыларга ажылык сапарга барууга уруксат берип, зыяратчылардын саны 1 миллионго жетти. Ошондой эле катуу талаптар киргизилди: зыяратчылардын жашы 65тен ашпашы жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификаты болушу керек.
Ажылык беш күн – Зуль-хижжа айынын 8-12-күнүнө чейин жүргүзүлөт. Мусулмандардын ай календары Григориан календарынан 11 күнгө кыска болгондугуна байланыштуу ажылыктын убактысы жыл сайын өзгөрүп турат. Быйыл ал 7-июлдан 12-июлга чейин өткөрүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: