super.kg logo

Испаниялык инвесторлор Ош облусуна ГЭС курууга кызыкдар

 

Ош облусунун аймагына испаниялык инвесторлор ГЭС курууга ниеттенүүдө. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлайт.

Маалыматка караганда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Испаниянын "Экоэнер Солар" компаниясынын башкы директору Рикардо Томас Герьереро жана жеке ишкер Адылбек Мирзаматов менен жолугуп, үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

"Анын алкагында өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруунун механизмин изилдөө боюнча иш жүргүзүлөт. Испан инвесторлору облус аймагына ГЭС куруу долбоорлорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Меморандумга ылайык, жалпы кубаттуулугу 100 МВт болгон панелдерди орнотууну долбоорлоо жана Ош облусунун аймагында ишке ашыруу максатталууда", - дешет өкүлчүлүктөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: