super.kg logo

Жалал-Абадда экстремизмге шектүү жарандар кармалды

 

Жалал-Абадда “Экстремист” иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-24-июнь күндөрү Жалал-Абад ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан “Экстремист” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Анын алкагында мурда экстремизм багытында бир нече жолу соттолгон, “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү жана партиянын каржылоосу боюнча эсепчи катчысы (Накыб жардамчысы) болуп, партиянын акчаларын чогултуп иштеп жүргөн 1977-жылы туулган Базар-Коргон районунун тургуну А.У.нун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада далил буюм катары (баракча, китептер, тетрадь, акча каражаты жана чогултулган акча каражатынын тизмеси жазылган блокнот) колдонуп жүргөн 3 даана уюлдук телефондор алынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө диний экстремизмдин идеологияларын колдоп, жайылтып жүргөн 8 жаран кармалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, 5 учуру боюнча кылмыш иши тергелип, соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

Жүргүзүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жыл башынан бери 22 жаран өз ыктыяры менен бул агымдын мүчөлүгүнөн баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: