super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө күйүүчү майдын баасы эмнеге кымбат? Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жообу

 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өлкөдө бардык товарлардын баасы жогорулаганын, муну көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кошуна мамлекеттерге салыштырмалуу кымбат болуп жатканын транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында айтты.

"Өлкөдө бензиндин баасы салыштырмалуу кымбат. Башында баанын жогорулашын долларга байланыштырып жатышкан, кийинчерээк күйүүчү майды рубль менен алабыз дешкен. Эмне үчүн бүгүнкү күндө Кыргызстанда бензин кымбат?", - деди ал.

Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков күйүүчү май рыногун ээлеген 3 субъект бар экенин айтып, буларга токтолду.

"Күйүүчү майдын негизги бөлүгү Орусиядан импорттолот, тагыраагы, 90 пайызы. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө экспорттоочу тараптын күйүүчү майга койгон баасы жогору болуп жатат. Андан сырткары жеткирүү, акциздик салыктар менен күйүүчү майдын баасы жогору болуп кетип жатат. Башкача айтканда, 1 литр күйүүчү майдын дүн баасынан сырткары 17-18 сом кошулуп калууда ", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: