super.kg logo
  Саясат  

"Андан көрө Түркияга барайын дешет". Депутат Ысык-Көлдө эс алуунун баасы жогору экенин айтат

 

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети бааларды жөнгө салуу боюнча мыйзам актыларын талкуулады. Анда депутат Бахридин Шабазов Ысык-Көлдө эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар жок болгонуна карабай кызмат баалары жогору экенин белгиледи.

"Өлкөгө туристтерди тартуу керек дейбиз. Бирок билесиздер, меймандарды кандай шартта тосуп аларыбызды. Мисал катары Орусиядан келген туристти алсак, бааларды карап көрөт да андан көрө ушул акчага Түркияга барып эс алып келейин дейт. Ал жактын тейлөөсү биздикине салыштырмалуу мыкты. Эс алуучуларга сапаттуу кызмат көрсөтпөй туруп чоң суммадагы акча алуу адилетсиздик. Бааларга маани берилиши керек", - деди эл өкүлү.

Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков туризм жаатындагы баалар суроо-талапка жараша экенин белгиледи.

"Бул атаандаштык рыногу. Ошондуктан алар өзү каалагандай баа саясатын жүргүзөт. Бирок биз монополияга жол берип жаткандарды аныктасак, тиешелүү чараларды көрөбүз", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: