Бишкекте поезд 18 жаштагы баланы сүзүп кетти
Бишкекте 18 жаштагы баланы поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон жаран темир жолдо жакындап келе жаткан поезддин сигналын уккан эмес. Поезддин айдоочусу ыкчам түрдө токтотууга аракет кылган. Бирок аралык чукул болгондуктан кырсыктын алдын алып калууга мүмкүн болгон эмес.
Кырсыктан кийин жаран дароо ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракатынан улам өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбогону айтылды.
Учурда аталган факты боюнча кошумча экспертизалар жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.