super.kg logo

Чоң-Алайда сабалган 3 жаштагы балага бардык керектүү жардамдар көрсөтүлдү

 

Чоң-Алай районунда тууганы тарабынан сабалган 3 жаштагы балага бардык керектүү жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, 26-июнь күнү Сары-Могол айылынын тургуну М.Турдубекова 2019-жылы туулган Р.Н.га карата 1989-жылкы Р.А аттуу таежеси зомбулук көрсөткөн фактысын билдирген.

Ал эми Алай райондук социалдык камсыздоо бөлүмү баланын укугун коргоо боюнча дароо чараларды көргөнү айтылат.

"Жабыркаган бала Алай районунун Гүлчө айылындагы ооруканага жеткирилген. Райондук ооруканада балага бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп, Алай РИИБи тарабынан баланын ден соолугуна соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү актылар түзүлдү. Алай райондук социалдык коргоо башкармалыгынын буйругу менен бала А.Албаеванын фостердик үй-бүлөсүнө берилген, учурда баланын абалы канааттандырарлык", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле баланын мындан аркы жашоосун Алай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын балдар иштери боюнча комиссиясы көзөмөлдөөрү маалымдалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: