Ош. Укук коргоо органдары облустук администрацияны күзөтүүнү күчөттү
Шаар башчысы Мелис Мырзакматов Ош шаардык мэриянын айланасындагы күзөттө турган милиция кызматкерлерин кетүүсүн талап кылды. Андан кийин укук коргоо органдары өкмөткө караштуу Ош облустук администрацияны күзөтүүнү күчөттү. Мэрия менен облустук администрация бир имаратта, эки башка бөлүктө жайгашкан. Митингдин катышуучулары өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбековду эл алдына чыгуусун талап кылышууда. Эгерде чыкпаса, аны кызматтан бошотуу талабын көтөрүп чыгышарын айтышууда. Мындан сырткары акциянын катышуучулары Шайлообек Атазовду “элдик губернатор” деп жарыялоону сунушташууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

