"Күзгүдөн каранып алгыла". Балбак Түлөбаев анын үстүнөн арызданган мектеп директорлоруна жооп берди

Ал арада депутат Түлөбаев арыздангандар боюнча пикирин айтты.
"Урматтуу мүдүрлөр, күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла. Баары эмес, көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат унаа, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү батирлерди кайдан алдыңар?! Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес, мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо самсыкана салып алдыңар. Канча ата-эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй-мүлкүңөрдү текшертүү керек. Бардык ата-энелерге кайрылам, коркпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда. Шаардык билим берүүнү өкмөт алсын. Шаар чарбалык ишине карасын", - деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.