"Тердеп дене, беттер ысып албырган". Бишкектин аптаптуу ысык күндөрүнөн сүрөт баян
Аптапта
Акактаган деми сыртка билинип,
Аптап менен алпурушат тирилик.
Ачуу тиет күндүн нуру чекеңе,
Асман бели калган сымал ийилип.
Теребел үп, айырма жок тандырдан,
Тердеп дене, беттер ысып албырган.
Эмнегедир күздү күтүп жаткансып,
Эч дайын жок шамал, булут, жамгырдан.
Кургап булак, кудук соолуп какырап,
Киринүүгө дайра сайга чакырат.
Көчө чаңып, саратандар ызылдап,
Көлөкөлөр үй артына жашынат.
Чегирткелер мойсоп буудай талаасын,
Чырмоок издейт соолубаштын дабасын.
Анда-санда ийнеликтер ойсоңдоп,
Араң сермейт көпөлөк да канатын.
Балдар таппай ойногонго чыдамын,
Бак-дарактар күнгө кактайт ыраңын.
Ах, ысыкта Көлдү самап бараткан,
Асфальт эрип изи түшөт унаанын.
Жанып турган оттон тандап шеригин,
Жалын кылып төгүп чексиз мээримин.
Жандын баарын талыкшытып, суусатып,
Жай сездирет жалпы журтка ээлигин.
Жылдызбек Турсунбаев
Учурда өлкөбүздө күн катуу ысып, абанын күндүзгү температурасы 38-40 градуска чейин жогорулап жаткан чагы.
SUPER.KG порталы борбор калаабыз Бишкектин аптаптуу ысык күндөрүнөн сүрөт баян тартуулайт.
кошулду

