super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Прокуратура “Кумтөр” боюнча 88 адамды суракка алды, анын ичинен жоопко тартыла тургандары бар”

 

“Прокуратура 2003-жылкы “Кумтөр” келишимин түзүүгө катыштыгы бар делген 88 адамды суракка алды, мунун ичинде жоопкерчиликке тартыла тургандары да бар”. Муну ЖКнын Коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин 2-декабрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев айтты. Айта кетсек, Текебаев КРнын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат.

Азыркы мыйзам боюнча кылмышка күнөөлүүлөрдү жоопко тартуунун мөөнөтү 10 жыл. Андыктан быйыл 31-декабрда 2003-жылкы “Кумтөр” келишимин түзүүгө катышкандарды жоопко тартуу мөөнөтү бүткөнү турат. Буга жол бербөө үчүн жана кылмыш кылгандар эртеби-кечпи жооп бериши керек деген Өмүрбек Текебаев Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип жатканын билдирди. 

Депутат Анарбек Калматов сунушталган мыйзам 2013-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынса гана “Кумтөргө” күнөөлүүлөрдү жазага тартуу мүмкүн экенин айтты. 

Текебаев ошон үчүн бул мыйзам долбоорду батыраак кабыл алуу керектигин кошумчалады. Мыйзам долбоору комитеттен колдоо тапты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: