Поезд сүзүп каза тапкан жарандын жакындары окуянын күбөлөрүн издөөдө

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова каза болгон өспүрүмдүн жакындары менен байланышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, маркумдун туугандары кырсыкка күбө болгондорду издөөгө көмөктөшүү зарылдыгын билдиришкен.
Маркумдун байкесинин айтымында, окуянын чоо-жайы белгисиз, райондук ички иштер башкармалыгы ата-энесине маалымат берүүдөн баш тартышкан.
Буга байланыштуу Акыйкатчы институту каргашалуу окуяны өз көзү менен көргөн же унаанын видеорегистраторунда жазылган ар бир жаранга кайрылып, эгерде кандайдыр бир маалымат болсо каза болгон жигиттин жакындары менен 0707 304 060 телефону аркылуу байланышууну өтүнөт. Ошондой эле Акыйкатчы аппаратына 0312 66-33-05 телефонуна чалса болорун маалымдашат.
Акыйкатчы институту ички иштер органдарынын маркумдун жакындарына укугун бузуп - керектүү маалыматтарды берүүдөн баш тартканы боюнча прокуратурага кайрылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.