super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркуловдун иши боюнча тергөөдөн кийин аны баш коргоо чарасы менен кармоо чечими каралат

 

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун иши боюнча тергөөдөн кийин аны баш коргоо чарасы менен кармоо чечими каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 29-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

“Азыркы тапта И.Өмүркуловго карата кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгында аны баш коргоо чарасы менен кармоону же кармабоо чечими чыгарылат” деп маалымдайт басма сөз кызматы. 

Эске салсак, 22-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан Иса Өмүркуловго КРнын Кылмыш -жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Шаар башчысы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деп айыпталууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: