super.kg logo

Таласта саркынды суулар кирүүчү люкка түшүп кеткен 3 кызматкер куткарылды

 

Талас облусунда саркынды суулар агып кирүүчү люкка түшүп кеткен 3 адам куткарылып, медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнда Талас облусундагы Таза суу ишканасынын 3 кызматкери жумуш учурунда белгисиз себептер менен саркынды суулар кирүүчү люкка түшүп кетишкен.

Аларга дароо "Шумкар" атайын багыттагы полктун кызматкерлери жардам көрсөтүп, люктан алып чыгышкан. Жабыр тарткандарга жеринен биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң бардыгы ооруканага жеткирилген.

Учурда алар ооруканада дарыланып жатканы айтылды.






Талас ОИИБдин "Шумкар" атайын багыттагы полктун кызматкерлери саркынды суулар түшкөн люктан 3 адамды куткарышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: