super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Чыгыш Электр" ААКсы казынага 20 миллион сомдон көп зыян келтиргени аныкталды

 
Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Чыгыш Электр” ачык акционердик коомунда олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, акционердик коомдун кызматкерлеринин эмгек маяналары жогору ѳлчѳмдѳ жана коомдун кѳрсѳткүчтѳрү чыгашалуу болгондугуна карабастан кызматкерлерге эмгек маянадан тышкары ай сайын сый акы тѳлѳмдѳрү жүргүзүлүп, 2021-жылга карата бекитилген суммадан ашыкча 13 миллион 601 миң 700 сом мыйзамсыз берилип кеткендиги тастыкталды.
Ошондой эле негизги акционер болгон мамлекеттин кызыкчылыгы четке кагылып, коомдун бекитилген эмгек акы фондунда үнѳмдѳлгѳн акча каражаты жок болгондугуна карабастан “Чыгыш электр” коомунун жетекчилигинин буйругу менен энергетиктердин майрамына карата 6 миллион 890 миң сом дагы мыйзамсыз төлөнгөн.
Жыйынтыгында аталган коомдун кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 20 миллион 491 миң 700 сомдук ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ материалдык зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси "коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу" менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: