Октябрь окуясы: Сот экс-президент Алмазбек Атамбаевди актады
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов Октябрь окуясы боюнча акталды. Мындай чечим Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.
Маалыматка таянсак, Атамбаев жана Ниязов үй камагына чыгарылды.
Мындан тышкары сот Октябрь окуясына катыштыгы бар саясатчы Жеңиш Молдокматовду, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жана Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевди кылмыштын курамы жок деген негизде актады.
Маалымат үчүн: 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти кароо былтыр, 2021-жылы 8-октябрда башталган. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталган.

