super.kg logo

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы: Салык кызматына 5 миңге чукул даттануу түштү

 
Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясы расмий ишке киргенден тартып катышуучулардан "Салык чек" мобилдик тиркемеси аркылуу 4 миң 739 даттануу келип түштү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпчүлүк даттануулар кассалык чектин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле тиркеменин иштеши (чектерди иштеп чыгуу жана билеттерди берүү) боюнча болгон.
"Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3 миң 927 даттануу иштелип чыкты. 212 субъектке ККМди колдонбогондугу жана чек бербегендиги үчүн административдик айып салынды.
Ал эми даттануулардын калган бөлүгү кассалык чек бербеген субъекттин дарегин же аталышын көрсөтпөгөндүгүнө, ошондой эле темадан тышкары кайрылууларга байланыштуу каралган эмес", - дешти мекемеден.
Лотереянын биринчи утушу 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында болот. Анда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2 автомобиль, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: