Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусу курулууда




Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусунун курулушу 40 пайызга аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталган. Имарат 3 кабаттан туруп, жалпы аянты 4 миң 137 чарчы метрди түзөт. Имарат футбол, волейбол, баскетбол, воркаут үчүн спорт аянтчасы менен долбоорлонгон.
Учурда төрт блокто котлован, пайдубалдын негизин, фундаменттин алдындагы бетон тумбасын, тышкы сантехника жана канализация тармактарын орнотуу, тирөөч дубалды, котлованды кайра толтуруу, тышкы электр тармактарын төшөө үчүн траншеяны иштеп чыгуу, газ от казаны үчүн ленталык фундаментти, рамаларды орнотуу иштери аяктаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.