Министрлер кабинети Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун талкуулады
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору – өзгөчө приоритетти талап кылган уникалдуу долбоор. Бул тууралуу кечээ, 28-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу кеңешмеде билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев темир жолдун курулушу боюнча маалымат берди. Ал Торугарт-Макмал-Жалал-Абад каттамы боюнча жайгаша турган жолдун курулушунун алдын ала маршрутун белгиледи. Долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ушул жылдын декабрь айында аяктайт.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ишке ашырылышына өзгөчө маани бериле турган уникалдуу долбоор. Тармактык мамлекеттик органдар тийиштүү даярдык иштерин өз мөөнөтүндө жүргүзүүсү зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.
Жолугушуунун жүрүшүндө башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселелери да талкууланды.
"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу – үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары карай Перс булуңунун өлкөлөрүн, Түркия Республикасын Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон темир жол магистралы болуп саналат.

