super.kg logo

Нарын шаарында шырдак фестивалы өтүп жатат (сүрөт)

 

Нарын шаарында “Кыргыз шырдагы -Xll” аталышындагы фестиваль өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз шырдагын, кол өнөрчүлүгүн даңктаган маданий иш-чара бүгүн, 29-июнда жыйынтыкталат.

Фестивалдын алкагында “Мыкты шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары, “Кыргыз шырдагынын” тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери, кол өнөрчүлөрдүн “Устат-шакирт” мектебинин чебер-класстары жана концерттик программалар камтылат.

"Фестивалдын максаты - маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүздүгүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: