super.kg logo
  Саясат  

Депутат чет өлкөгө кете турган жарандарды атайын даярдоодон өткөрүүнү сунуштады

 

Орусияда 985 адам камакта, анын 30 пайызга жакыны баңгизаты менен кармалгандар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Нуржигит Кадырбеков билдирип, жазасын өтөп жаткандарды өлкөгө которуу маселесин көтөрдү.

"Алар аз убакыт ичинде көп суммадагы каражат табасың деген жалган жарыяларга алданып калышкан. Арасында курьер болуп иштеп ак жерден отургандар абдан көп экен. Коңшу өлкөдө кармалгандардын жакындары менен жолугуштук. Алар камакта отургандарды өлкөгө которууга жардам берүүнү суранып жатышат. Бирок мыйзамдар эки башка болуп жатат.

Биз маалыматтык саясат жасабасак болбойт. Жарандарыбызды жөн эле кетире бербей маалымат берип, даярдап, бир мектептен өткөрүп жиберсек", - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: