Окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясы: Тараптар жарашып, иш өндүрүштөн кыскартылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясы боюнча тергөө иши токтотулду. Буга тараптардын жарашканы себеп болду дешет Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынан.
"Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу тарап эч кимге арыз-доосу жоктугун жана мугалимди кечирип, аны менен өз ара жарашып алгандыгын билдирип тосмо арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында тергөөнүн жүрүшүндө эки тарап өз ара келишип алгандыгын эске алуу менен сотко чейинки текшерүү иши өндүрүштөн кыскартылды", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген. Кийинчерээк мектеп директору кол көтөргөн мугалим иштен алынарын SUPER.KG порталына айткан. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлүп, териштирүү жүргүзөрүн кабарлаган. Комиссия чечим чыгарып, ага ылайык, мугалимди иштен кетирүү буйругу жокко чыгарылган. Кийин кыздын үй-бүлөсү, жашоо-шарты тууралуу "Адилет" укук коргоо уюму маалымат берген.
Июнь айында кыздын апасы тосмо арыз жазганы белгилүү болгон.
