Ошто коомдук тамактануу жайлары текшерилет
1-июлдан тарта Ош шаарындагы коомдук тамактануу жайлары текшерилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалыматында жазылат."Ош шаарынын мэринин тапшырмасына ылайык, “Манас-Ата” кафесинде болгон окуя боюнча тиешелүү кызматтарга, анын ичинде укук коргоо органдарына, санэпид кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.
Бул кызматтар мыйзам чегинде бардык тиешелүү чараларды көрүшөт.
1-июлдан тарта санэпид кызматы пландалган иш-чараларга ылайык, чарба жүргүзүүчү субъектилерди, тактап айтканда коомдук тамактануу жайларын текшерүүнү баштайт", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















