super.kg logo

"Радуга" пансионатындагы мушташ: Милиция жаңжалга катышкандардын бардыгын кармады

 

Милиция интернетте видеосу тараган "Радуга" пансионатындагы мушташ боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында жайгашкан "Радуга" пансионатында жаңжал орун алгандыгы тууралуу билдирүү бүгүн түшкү саат 12:50дө келип түшкөн. Жерине дароо милициянын ыкчам иликтөө кызматы барды. Учурда мушташтын чоо-жайы жана башка керектүү иликтөө иш-амалдары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Ошондой эле мушташка катыштыгы бар 18 адам милициянын райондук бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалды. Алгачкы иликтөө ишинин жыйынтыгы менен дагы кошумча маалымат бериле турганы айтылды.

Эске салсак, бүгүн, 29-июнда "Радуга" пансионатында мушташып жаткан адамдардын видеосу интернетте тараган. Видеодон эс алып жаткан адамды топ балдар келип ур-тепкиге алышкандыгын көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: