super.kg logo

Ошто 39 жаштагы жаранды атып кеткенге шектүүлөр камакка алынды

 
Ошто 39 жаштагы тургунду атып кетишкен. Кылмышка шектелип эки жаран колго түшүрүлгөнүн облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.
Окуя 26-июнга караган түнү болгон. Анда Кара-Суу районунун 39 жаштагы А.А. аттуу тургунун белгисиз жарандар ок атуучу курал менен атып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучу денесинен алган жаракаттарынан улам жеринде каза болгондугу тууралуу милицияга кабар келип түшкөн.
Аталган факты боюнча 122-берененин (адам өлтүрүү) 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Ошондой эле далил буюм катары документи жок бир даана сайсыз ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынып, ага соттук-баллистикалык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын жашоочулары 1972-жылы туулган М.А. жана 1964-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кечээ, 28-июнда сотто шектүүлөргө карата бөгөт коюу чарасы каралып, эки айга камакка алынды", - дешет башкармалыктан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: