super.kg logo

Өлкө башчы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

 

Бүгүн, 29-июнда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Халк маслахаты милли генгешинин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

Анда кыргыз-түркмөн кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү, ошондой эле пландалган эки тараптуу багыттагы иш сапарлардын графиктери боюнча пикир алмашуу болду.

Ошону менен катар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына (9-октябрь, 2022-жылы) байланышкан маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду 65 жаш мааракеси менен куттуктап, Түркмөнстандын учурдагы жетишкендиктери Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы менен үзгүлтүксүз байланышканын белгиледи. Ал анын талыкпаган эмгеги жана мекенчилдиги Түркмөнстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен өлкөнүн эл аралык аренадагы чоң жетишкендиктерине жол ачканын белгиледи.

Ошондой эле Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандыкты, ынак коңшулаштыкты, стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттер аралык мамилелерди өз ара түшүнүшүү жана өз ара колдоо духунда өнүктүрүү ниетин билдирди.

Сүйлөшүүнүн соңунда Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго бекем ден соолук, узак өмүр жана боордош түркмөн элинин бакубаттуулугу үчүн ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: