super.kg logo

Ысык-Атада 13 жашар кызды поезд сүзүп кетти

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 13 жашар кызды поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашат.

Маалыматка ылайык, 27-июнда райондук милицияга Ысык-Ата районунда жайгашкан темир жол тилкесинде жөө жүргүнчүнү поезд сүзүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Айтылган дарекке дароо ыкчам кызматкерлер барып, 2009-жылы туулган Ж.Т. аттуу кыздын жансыз денесин аныкташкан. Бул факты каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тергөө ишинин алкагында, каза болгон кыз чоң энеси менен жашап келгени белгилүү болду. Ошондой эле кырсык болгон жерден кызга тиешелүү күндөлүк табылган, анда кыз жашоого болгон өзүнүн көз караштарын жазып келген.

Учурда бул окуяны териштирүү максатында тиешелүү болгон бардык экспертизалар дайындалды дешет милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: