super.kg logo

Жеңишбек Эдигеев: "Окурман жазуучуну эмес, жазуучу окурманды издей турган кез болуп турат"

 

Бүгүн, 29-июнда Бишкекте жазуучу, публицист Жеңишбек Эдигеевдин "Көк дептер" китебинин бет ачар аземи болуп өттү. Иш-чарада автор журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, китептин мазмуну тууралуу ой бөлүштү.

"Көк дептер" мурун "Агым" гезитинде иштеп жүргөндө кичинекей рубрика болчу, эми ошол чоң китепке айланып отурат. Дээрлик 700 бет китепти XXI кылымда жазыш, аны окурмандарга тартылоо мен үчүн чоң жоопкерчилик болду. Ошондой эле экзамен болду десем жаңылышпайм. Себеби мынчалык калың китеп менен азыркы окурманды тартыш өтө эле кыйынга турат. Азыр визуалдык агрессия деп коёт. Бизде азыр китепти мынчалык төшөлүп окуш кыйын. Баары ютубка, эң жөнөкөй нерселерге кызыгып жатышпайбы. Окурман жазуучуну эмес, жазуучу окурманды издей турган кез болуп турат. Китептин туулганына эмес турганына сүйүнөйүн деп жатам", - деди Эдигеев.

Ошону менен катар публицист "Көк дептер" китеби 1000 нускада чыкканын кошумчалады.

"Китептин ичинде 2-3 сап, ашып кетсе 20 саптан турган кыска окуялар жазылды. Бир сап болсо дагы сабак бере турган саптар болсо деп тилек кылдым. Акыркы эки жылда тынымсыз жаздым. Китепте күндөлүк деген бөлүк бар.

Бала кезден дептерге жакын болдум. Көк чексиздиктин түсү эмеспи. Эки нерсе бир тема болуп, китептин аталышы "Көк дептер" болуп калды", - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: