super.kg logo

Бишкекте 64 жыл мурун курулуп, бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн мончо бузулууда. Ордуна заманбап мончо курулат

 
Жаңы курула турган мончонун эскизи.
Бишкекте №2 мончону бузуу иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жибек-Жолу кең көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан №2 мончону бузуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

"Борбор калаада соода борборлору же көңүл ачуучу оюн-зоок жайларын гана эмес, социалдык объектилерди дагы куруу керек. Биз шаар тургундарына ыңгайлуу, заманбап талаптарга жооп берген, бардык шарттары менен социалдык мончо куруу иштерин баштадык. Ал эми куруу иштери шаардык бюджеттен каржыланууда", - деди калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров.

Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы мончо жана эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Жаңы комплекс жер төлөсү бар эки кабаттуу имарат болот. Имараттын жалпы аянты 1404 чарчы метрди түзөт. Жаңы мончодо бассейн, дарылоо жана массаж бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү, жакшыртуу пландалууда.

Белгилей кетсек, имарат 1958-жылы пайдаланууга берилген жана андан бери эч кандай оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 10 жыл мурун комиссия тарабынан авариялык абалда жана оңдоого мүмкүн эмес деп таанылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: