super.kg logo

Бишкек, Талас жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан тамекилер аныкталды

 

Бишкек, Талас жана Жалал-Абад шаарларындагы базарлардан акциздик маркасы жок тамекилерди саткан соода түйүндөрү аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек, Жалал-Абад жана Талас шаарларындагы базарлардын аймагынан контрафакттык тамекилерди саткан соода түйүндөрү аныкталды.

Натыйжада акциздик маркаларсыз чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай аталышындагы 13 миң 573 куту тамеки (Keno, Fast, Manchester, Mond, Oris, Prezident, Capital) тартып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган продукциялар өлкөнүн аймагына контрабандалык жол менен киргизилген. Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы тамеки продукциясын саткан ишкерлерди мындан ары акциздик маркаларсыз тамеки буюмдарын сатып алуудан баш тартууга чакырат. Ошондой эле жарандардан контрафакттык же жасалма тамеки, ошондой эле акциздик маркаларсыз же жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны байкаган учурда жергиликтүү салык органына кайрылууну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: