super.kg logo

Абайлаңыз сүрөт! Милиция Бишкекте жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт

 

Милиция жарым жыл мурун Бишкекте жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн аныктоо үчүн коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарындагы Кайсын Кулиев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн жанынан жашы болжол менен 40-45 чамасындагы азиат келбеттүү аялдын жансыз денеси табылган.

Маркумдун денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери жок.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр. Чачы кыска кара түстө. Мурду түз, бети сүйрү. Сол жаагында калы бар.

Аял кара түстөгү күрмө, кара-көк түстөгү капюшондуу спорттук кийим, күлгүн түстөгү футболка, кара түстөгү шым, боз түстөгү байпак жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.

Ошондой эле маркумдун аты Жылдыз экендиги аныкталган.

Ленин РИИБи коомчулуктан аялдын аты-жөнүн аныктоо үчүн жардам сурайт. Кимде-ким маркум тууралуу кандайдыр бир маалымат билсе төмөндөгү телефондорго байланышып коюуңуздарды өтүнөт.

Телефон номерлери: 0312-352-605, 0(555) 102-149, 0(502) 149-149, 0(705) 450-553, 0(553) 102-465, 0(551) 088-330 жана 102 кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: