super.kg logo
  Саясат  

Ош. Улугбек Ормонов митингди жабык деп жарыялады. Ахматбек Келдибековду бошотуу үчүн бийликке 3 күн убакыт берилди

 
Ош шаарынын борбордук аянтындагы митингди коомдук ишмер Улукбек Ормонов жабык деп жарыялады

Ош шаарынын борбордук аянтында өтүп жаткан митинг аяктаганы тууралуу билдирүүнү коомдук ишмер, экс-депутат ("Ак жол" партиясынан) Улугбек Ормонов жарыялады. Бирок нааразылык акциясына чыккан эл тарай элек. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ахматбек Келдибековду бошотулуусу үчүн бийликке 3 күн убакыт берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады.

Эске салсак, бүгүн, 2-декабрда депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүп жатат. Ага болжол менен 5 миңдей адам катышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот өкүмүнө ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: