super.kg logo

Бишкектеги жаңы конуштардын биринде Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болду

 

Бишкектин Рухий-Мурас жаңы конушунда Садыр Жапаров атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу Темиров Live медиасынын журналисттери жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, мындан бир канча күн мурун Тик-Ток социалдык тармагында борбор калаадагы жаңы конуштардын биринде "Садыр Жапаров көчөсү" деген жазуусу бар такта илинип турган сүрөт тараган. Аталган медианын журналисттери дарек боюнча барып тактаганда чындап эле Рухий-Мурас жаңы конушундагы көчөлөрдүн бирине Садыр Жапаровдун ысымы ыйгарылганы белгилүү болгон.

Бирок өлкөдөгү даректерди каттаган darek.kg порталына эч кандай Садыр Жапаров атындагы көчө катталган эмес. Темиров Live белгилегендей бул нерсе бийликтин көңүлүн буруу үчүн аталган көчөнүн тургундары тарабынан атайын жасалган болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, ушуга чейин Бишкектин бир катар жаңы конуштарында жер, суу жана электр энергия көйгөйлөрү чечилбей келет. Алардын айрымдары жаңжалдуу окуялар менен коштолгон учурлар да катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: