super.kg logo

Бишкекте шаардын көркүн бузган объектилер алынып, кожоюндарына айып пул салынды

 

Шаарды көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада иретке келтирүү иштерин улантууда. Бул жолу да Бишкектин көркүн бузган бир катар объектилер алынып, алардын ээлерине айып пулдар салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Инспекция тарабынан бул жолу Туңгуч кичи районундагы №36 үйдүн жанында жайгашкан куймак сатуучу жай, Барпы Алыкулов көчөсү №11 дарегиндеги мыйзамсыз курулуш алынып салынды.

Ошондой эле Кара-Жыгач конушундагы белгиленбеген жерге өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн “Аалам Строй” ишканасына 23 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары тазалык талаптарын сактабагандыгы үчүн бир катар шаар тургундарына ар кандай суммадагы айып пулдар жазылды.

Далилденген фактыларга карабастан жоопкерчилик тартуудан баш тарткан жарандардын иши тиешелүү өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиянын кароосуна жиберилгени маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: