Коомдук транспортко накталай төлөмдөрдү жокко чыгаруу мөөнөтү жылдырылды
Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдөрдү жокко чыгаруу мөөнөтү жылдырылды. Мындай чечимди шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кабыл алды.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мындай чечим жарандардын көп сандаган кайрылууларын эске алуу менен кабыл алынган. Атап айтканда, көпчүлүк жарандар накталай эмес жол кире пландалганга чейин Тулпар карталарын сатып алууга үлгүрүшкөн эмес.
"Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун тейлөө борборлорунан карта сатып алууга чакырат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда, тагыраагы автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдөр жокко чыгарылары айтылган.
Кошумчалай кетсек, ноябрда борбор калаанын коомдук транспортунун кыймылдуу курамын жаңылоо күтүлүүдө.