super.kg logo

"Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы боюнча предметтик стандарт бекитилди

 

Өлкөдө жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы боюнча предметтик стандарт бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришет.

Белгилүү болгондой, стандарт “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык иштелип чыкты.

Ал “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча билим берүүнүн мамлекеттик минималдуу мазмунуна жана 7-8-9-класстардын окуучуларынын даярдык деңгээлине коюлган талаптарды белгилейт.

"Диндердин өнүгүү тарыхы" окуучуларга диндер жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин тарыхын жана келип чыгышын изилдеп, диний окуулардын маңызын түшүнө башташат: диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт.

“Диндердин өнүгүү тарыхы" предметтик стандарты өлкөдөгү кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей", - деп жазылат маалыматта.

Министрлик “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети өзүнчө сабак эмес. Ал "Адам жана коом", "Дүйнөлүк тарых", "Кыргызстан тарыхы" предметтерин жандаган предметтик компонент болуп саналарын эскертет.

Маалымат үчүн: 2022–2023-окуу жылынан баштап жалпы билим берүү уюмдарда "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилет. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кыргыз жергесинде 1-сентябрдан баштап 9-класстын окуучуларына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы өтүлө баштайт. Окуучуларга диндердин өнүгүү тарыхы сабагын теологдор жана тарых сабагынан берген мугалимдер бере алышат. Аларга коюлган шарттарды шилтемеден окуй аласыз.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: