"Радуга" пансионатындагы мушташтын негизги себепкери 20 күнгө камалды
Бүгүн Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатындагы мушташтын негизги себепкери 34 жаштагы М.Э. аттуу жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ысык-Көл райондук соту мушташтын негизги себепкери М.Э.ге 20 күнгө, тактап айтканда 20-июлга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Эске салсак, кечээ, 29-июнда Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатында болгон мушташ фактысы боюнча Ысык-Көл РИИБи кылмыш ишин козгогон. Алгачкы тергөө иш-амалдарынын жүрүшүндө 11 адамдын мушташка түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган. Буга удаа социалдык тармактарда Ысык-Көлдөгү "Радуга" пансионатында орун алган мушташтын дагы бир видеосу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.