super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек"

 

"Тагдырдын жазмышы экен, тышкы карыз төлөөнүн эң жогорку чеги менин учурума туш келди". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Президент депутаттарга өлкөнүн сырткы карызын төлөө, каржы булактарын табуу керек деген чоң маселе бар экенин эске салды.

"Тагдырдын жазмышы экен, бул чоң көйгөй менин учурума туш келди. Буга чейинки берилген маалыматтарга ылайык, быйыл 23 миллиард сом, эмдиги жылы 25 миллиард сом тегерегиндеги сырткы карызды жабуу милдети турат. Алдыдагы 10 жыл ичинде 30 жылдан бери алган карыздарыбызды төлөшүбүз керек. Төлөй албасак, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, өлкөнүн беделине шек келгени турат", - деди ал.

Мамлекет башчысы бийлик башына келгенден кийин сырткы карыз сындуу олуттуу маселелерди чечүүдө да чечкиндүүлүктү көрсөтүү кажет. Ал мындай олуттуу маселелерди эл өкүлдөрүнүн колдоосунда чечүүгө болоруна ишенимин билдирди.

"Ошентсе да жогорудагыдай саясий упай топтоп, "электорат көбөйтөм" деген саясатчыларга кечээ жакында — 2020-жылы эле эмгек акыларды көтөргөндү, жол, мектеп жана башкаларды салганды, ири долбоорлорду пландап, ишке ашырганды мындай кой, ушул сырткы карызыбыздан кантип кутулабыз деген маселе күн тартибине коюлуп, айлабыз куруп турган маал экенин эске сала кетейин", - деди президент Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: