super.kg logo

Салык кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлдү

 

Бүгүн, 1-июль салык кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленүүдө. Аталган тармактын кызматкерлеринин куттуктоо иш-чарасы филармониянын залында өтүүдө.

Салтанатка президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Өлкө башчы кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын иштери жана милдеттерине токтолду.

"Алдыда инфляция менен күрөшүү жана ишкердикти колдоо боюнча милдети турат.

Сиздердин жардамыңыздар менен өлкө казынасына былтыркы жылы 105 миллиард сом түштү. Жыл аягына чейин дээрлик 50 миллиард сомго көп түшөрү күтүлүүдө. Мындай натыйжага жетүүгө силерден күн-түн дебей иштөө талап кылынат жана бул максатка жетесиздер деп ишенебиз.

Буга чейин социалдык чөйрөдөгү кызматкерлерибиздин айлыктары көтөрүлгөнүн билесиздер. Ошол бюджет тармагындагылар менен кошо сиздердин дагы эмгегиңиздерди татыктуу баалоо максатында маянаңыздар көтөрүлдү", - деди ал.

Иш-чарада ата мекендик ири өндүрүшчүлөрдүн жетекчилерине президенттин алкыш баракчасы тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: