super.kg logo

Эми ишкерлерге наамдар жана кызматтык паспорттор берилет

 

Өлкөдөгү ишкерлерге кызматтык паспорт жана акысыз визалар берилет. Бул туурасында президент Садыр Жапаров салык кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.

Айтымында, учурда өлкөдө 700 миңден ашуун салык төлөөчү бар.

"Бүгүн биздин арабызда өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп, алдыга сүрөгөн ишкерлерибиз да отурат. Учурдан пайдаланып, сиздерге да кайрылып кетүүнү туура көрүп жатам.

Силердин ак ниет ишмердүүлүгүңүздөр мамлекеттин экономикасына чоң жардамын тийгизип жатканын баса белгилей кетейин. Миңдеген жумуш орундары силердин мээнетиңер менен түзүлүүдө. Өз маалында мамлекет дагы силерге көңүл буруп, колдоп-коштоп, тиешелүү шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатат. Мындай аракеттерибиз менен бирге дагы бир жакшы саамалыкты жарыялап коёюн. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койдум.

Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери наамы киргизилип жатат. Эми биздин экономикага салым кошкон, ушул наамга ээ болгон ак ниет ишкерлерибизге Кыргыз Республикасынын кызматтык паспортун алуу укугу берилет, алар аэропорттордо расмий делегациялар залы, бизнес-залдар, VIP залдар аркылуу акысыз өтө алышат. Ошондой эле эмгек сиңирген ишкерлер Кыргыз Республикасынын президентинин чет өлкөлөргө иш сапары учурунда мамлекеттик жана расмий делегациялардын курамына да киргизилет.

Азыркы учурда салык төлөөчүлөрдүн ичинен 3 миңге жакыны мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет. Ага кошумча ал ишкерлерибиз биздин жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда", - дейт президент.

Өлкөнүн алдыңкы ишкерлерине президенттин алкыш баракчасы тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: