Кыргызстандын бир катар ишканалары менен ишкерлери сыйланды









Кыргызстандын бир катар ишканалары менен ишкерлери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйлыктар менен сыйланышты. Сыйлоо иш-чарасы бүгүн, 1-июлда өлкөнүн Салык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттын жүрүшүндө орун алды.
Салтанатка президент Садыр Жапаров катышып, тийиштүү жарлыкка кол койгонун белгиледи.
Ардак грамота менен сыйлангандар:
“Atalyk Group” (“Аталык Групп”) жабык акционердик коому;
“БИОВИТ” жоопкерчилиги чектелген коому;
“ТЕКСТИЛЬ ТРАНС” (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.
Мындан тышкары өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерге президенттин атынан алкыш жарыяланды. Алар:
Кайрат Эгембердиев – “Шоро” жабык акционердик коомунун башкы директору;
Александр Шалюта - “Каинды-Кант” ачык акционердик коомунун башкы директору;
Нияз Ирсалиев - “Тегирменти Гидроэлектростанциялары” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Кайрат Кокоев - “Кыргыз каганат” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Санжар Капаров - “Кант ТШП” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Канатбек Акаев - “БАРБОЛ” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.